Ак үйдүн тосмосунун бир бөлүгү уурдалып кетти

Биринчи май  райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Ак үйдүн айланасында турган тосмонун бир бөлүгүн уурдоо боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Reporter.kgгеБишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Уурулук” беренеси боюнча сотко чейинки процесстер башталды. Учурда тиешелүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, буга чейин бишкектиктер Ак үйдүн айланасындагы тосмонун бир бөлүгүн темир-тезектер төгүлгөн жерден таап алышкан. Бул тууралуу кыргызстандык социалдык тармакка жазып чыккан. Ал жеке менчик темир-тезек саткан жайдан 560 сомго алганын билдирген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru