«Ак илбирс» кино сыйлыгы: Арыздарды кабыл алуу аяктады

«Ак илбирс» кино сыйлыгына арыздарды кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу «Ак илбирс» кино сыйлыгынын координатору Салтанат Турдукеева билдирди.

Сынакка жалпы 40 тасма келип түшкөн. Келип түшкөн 40 тасманын 9у толук метраждуу, 18и кыска метраждуу жана 13ү даректүү тасма. Учурда эксперттик комиссия сыйлыкка талапкерлердин кыска тизмесин тандоого киришкен.

Сыйлыкты тапшыруу иш-чарасы «Манас» кинотеатрында 25-апрель күнү болуп өтөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru