“Ак Илбирс” сыйлыгын тапшыруу аземи жылдырылат

Коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу “Ак илбирс” кино сыйлыгын тапшыруу аземи жылдырылат. Бул тууралуу “Ак илбирс” кино сыйлыгынын координатору Салтанат Турдукеева билдирди.

Сыйлоо аземи учурдагы кырдаал жөнгө салынгандан кийин өткөрүлөт.

“Сыйлоо аземин өткөрүү мөөнөтү кийинчерээк айтылат. Даярдык иштери планга ылайык жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, сыйлыкты тапшыруу аземи “Манас” кинотеатрында 25-апрель күнү болуп өтмөк.

Булак: Кабар

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru