Аккумулятор уурдоого шектүү өспүрүм №1 абакка камалды

Уурулукка шектүү адам кармалганын 13-октябрда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

11-октябрда эртең менен белгисиз жаран жүк ташуучу унаанын 12 миң сомдук аккумуляторун уурдап кеткен. Жүк ташуучу унаанын ээси милицияга кайрылган жана бул факт Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

№1 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү катары 2003-жылы туулган шектүү С.Б. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин соттун чечими менен 20 күнгө СИЗО-1ге камаган.

Милиция кармалган адамдын башка кылмыштарга тиешеси бар экенин аныктайт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru