АКШ Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтөт
АКШ коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, COVID-19 вирусунун жайылышына бөгөт коё турган медициналык каражаттар жиберилет.
“Кыргызстанга бир жолу колдонуучу беткап, колкап, көз айнек, чатыр жана зыянсыздандыруучу каражаттар келүүсү күтүлүүдө. Учурда гумжардамдын жиберүү убактысы талкууланууда”, – деди Нурлан Абдрахманов.