АКШ: Рождество парадында жолтандабас элди тебелеп кеткен (ВИДЕО)

АКШда катуу ылдамдык менен келген жолтандабас майрамдык параддагы элди аралап кетип, бир нече адамдын каза болгонун NBC DFW. кабарлады.

Окуя Висконсин штатындагы Уокешо шаарында болгон. Парадды жергиликтүү телеканалдар түз алып көрсөтүп жаткан. Күбөлөрдүн айтымында, окуя майрам аяктап калганда болгон.

“Кырсыктын кесепетинен 40 ка чукул адам жаракат алып, кеминде 5 киши жан берди, — деген Уокеши полициясынын башчысы Дэниел Томпсон шаардын Facebook баракчасындагы түз эфирде.

Окуя болгондон кийин полиция кырсыктуу автоунааны көздөй ок чыгарган. Алдын ала берилген маалыматтарда, айдоочу жооп кылып аткан эмес. Октон эч ким жабыркабагандыгын жана учурда абал көзөмөлгө алынганы кабарланды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru