АКШ Тажикстандын чек арачыларына 18 жолтандабас автоунаасын берди

АКШнын Душанбедеги элчилиги чек арадагы коопсуздукка көмөк көрсөтүү максатында Тажикстанга 18 жолтандабас автоунаасын берди. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, жалпы баасы 1,3 миллион доллардан ашкан автоунааларды тапшыруу аземине АКШнын элчиси Жон Марк Поммершайм менен Тажикстандун Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскерлеринин башчысы, генерал-полковник Ражабали Рахмонали катышты. Анда бул жолтандабастар тажик чек арачыларына оор географиялык шарттардагы чек ара райондорунда операцияларды жүргүзүүгө жардам бере турганы айтылды.

«Чек ара коопсуздугу тармагындагы тыгыз кызматташтыгы үчүн Тажикстанга ыраазычылык билдиребиз жана бул жааттагы жетишкендиктерибиз менен сыймыктанабыз. Терроризмге, маңзат сатууга жана жапырт жок кылуучу куралдарга каршы күрөшүүдө өнөктөш бойдон калуудабыз. Биз ортодогу мамилени ырастоо үчүн быйыл Тажикстандын коопсуздук тармагына 60 миллион долларга жакын каражат жумшоону пландап жатабыз», — деди Марк Поммершайм.

1992-жылдан бери АКШ Тажикстандын коопсуздук тармагына 330 миллион доллардан ашык жардам берген. Ал жардамдардын алкагында Тажикстандын аскерлерине 11,9 миллион долларлык 378 транспорт каражаты берилип, 13 чек ара бекети, тогуз көзөмөл-өткөрмө бекети, эки чек ара бөлүгү жана үч чек арачыларды даярдоо борбору курулган же калыбына келтирилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru