народный

АКШда бери дегенде 25 адамдын өмүрүн алган жаратылаш кырсыгы болду

АКШдагы Теннесси штатында болгон торнадо бери дегенде 25 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кырсык төрт округда катталган. Алар Патнам, Бентон, Уилсон жана Дэвидсон.

Жергиликтүү бийликтин билдирүүсү боюнча ондогон адамдар жаракат алып, дайынсыз жоголгондор изделүүдө.

4-мартка караган түнү болгон табият кырсыгынын натыйжасында болжол менен 50 миңден ашуун үй жана 45 имарат зыянга учурады.

Жума күнү жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан аймактарга президент Дональд Трамптын барараары Ак үйдөн маалымдалды.

Болуп өткөн торнадо Теннеси штатынын тарыхында көп өмүрдү алган экинчи чон  торнадо деп эсептелинип калды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru