АКШнын Жогорку Соту акыркы 70 жылда биринчи жолу аялды өлүм жазасына тартууга уруксат берди

АКШнын Жогорку Соту аялга карата 70 жыл ичинде кийинкиге калтырылып келген биринчи өлүм жазасы аткарылышы мүмкүн деп чечим чыгарганын соттун Твиттери билдирди.

АКШнын Индиана штатындагы сот 11-январда соттолгон Лиза Монтгомеринин психикалык саламаттыгына байланыштуу өлүм жазасын кийинкиге калтырды.

Лиза Монтгомери 2004-жылы кош бойлуу аялды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталган. Буга чейин өкүм 8-декабрда Индиана штатында өлүмгө алып келүүчү укол менен ишке ашырылат деп пландаштырылган. Андан кийин, NBC News билдиргендей, соттун чечими менен өлүм жазасы 12-январга жылдырылган.

Монтгомери окуясына байланыштуу “өлүм жазасын токтото туруу боюнча өтүнүч” жокко чыгарылгандыгы тууралуу АКШнын Жогорку Сотунун блогунда жарыяланды.

Июль айында АКШнын Жогорку Соту АКШнын федералдык түрмөлөрүндө акыркы 17 жылдагы биринчи өлүм жазасы ишке ашырылышы мүмкүн деп чечим чыгарды. Биринчи болуп өлүм жазасына Индиана штатындагы Терре-Хот федералдык түрмөсүндө 47 жаштагы Дэниэл Льюис Ли тартылган.

Федералдык өлүм жазасын калыбына келтирүү АКШ үчүн символикалык мааниге ээ, анткени өлүм жазасынын көпчүлүк бөлүгү федералдык бийликтин эмес, айрым штаттардын юрисдикциясында болот.

Leave A Reply

Your email address will not be published.