АКСтин жана өкмөттүн аппаратындагы мурдагы кызматкерлер камакка алынды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын экс-орун басары Эмил Жамгырчиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылып камакка алынды. Ошондой эле Жамгырчиевден тышкары өкмөттүн аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Бакытбек Калмуратов дагы сурак берип жаткан жеринен камакка алынганы белгилүү болду.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, экөө тең тергөөчүнүн тергөө буйругунун алкагында УКМКнын АКСсына жеткирилген. Бакытбек Калмуратов менен Эмил Жамгырчиев өрдөктүн эти менен контрабандага байланыштуу », – деп билдирди редакция.

Эскерте кетсек, буга чейин Эмил Жамгырчиев аткезчилик жана акча талап кылуу ишине тиешеси бар экендигин четке каккан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru