Аксыда жол кырсыкта бир адам каза болуп, 13 киши жаракат алды

Бүгүн таңкы саат 5:55 чамасында Аксы районунун Кербен – Кош-Дөбө унаа жолунун болжол менен 13-чакырымында “ВАЗ 2106” жана “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесептинен 1 эркек киши каза болуп, 13 киши (7 эркек, 3 аял жана 3 жаш бала) ар кандай жаракат алышкан, учурда аты-жөндөрү такталууда.

Куткаруучулар маркумдун денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми тез жардам кызматынан 2 бригада тартылып, жабыркаган адамдарды Аксы райондук ооруканага алып кетишкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru