народный

Акылбек Сариев БШКнын мүчөсү болуп шайланды

Акылбек Сариев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кабыл алынды.

Анын талапкерлигин 64 депутат колдоп, 36 депутат каршы болду.

Акылбек Сариев Атыр Абдрахманованын ордуна  келди.

Эске салсак, Акылбек Сариев 2010 жана 2011-жылдары БШКнын төрагасы болгон. Анын жетекчилиги астында Борбордук шайлоо комиссиясы 2010-жылдын июнь айында референдум, парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөргөн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru