народный

Акылбек Жамангулов, “Мегаком” компаниясынын башкы директору: “Медиктерге бекер байланыш түзүп бердик”

 –Акылбек Жекшенович, дарыгерлерге бекер байланыш түзүп берүү боюнча  компаниянын чечими чыкканы чынбы?

–Ооба, ал чын. Биз жамаатыбыз менен сүйлөшүп аз болсо дагы элге жардамыбыз тийсин деген максатта чечим кабыл алдык. Өзүм дагы саламаттыкты сактоо министрине байланышып бул кабарды айтсам, абдан кубаныч менен кабыл алды.  Эми коронавирус  менен күрөшүүдө кызмат кылып жаткан дарыгерлерге бекер интернет жана сүйлөшүү байланышын түзүп беребиз. Учурда сим карталар министрликке өткөрүлүп берилди.   Алар өздөрүнүн дарыгерлерине беришет деп ишенем. Ишкердикте бир гана акча табууну эмес, мамлекеттеги кыйынчылыкта элге кичинекей болсо дагы, жардам кылуу милдетибиз деп билебиз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru