Акылбек Жапаров: “Башкалардын баары ак, 120 депутат гана күнөөлүү”

Бүгүн, Акылбек Жапаров Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында “Он жылдан бери Жогорку Кеңештин фракциясы экономиканы бөлүштүрүп келе жатат” деп билдирди.

Анын айтымында, депутаттар  жумушчуларды кесиптик сапаттары үчүн эмес, таанышы үчүн  алышкан. Ошондой эле,  аларды мүмкүн болушунча бардык жерге орнотконго аракеттенишкен.

«Ушундан улам биз мындай каргашалуу жыйынтыкка келдик. Күнөөлүү бир адам жок, 120 депутаттын бардыгы тең күнөөлүү . Бул нерселерди токтотууга кез келди. Антикризистик программаны иштеп чыгып, 2021-жылдын январь айына чейин кандай жумуштар жасалаары, канча жумушчу орун түзүлөт деген божомолун тапшыруу керек.  Кырдаал кыйын, биз чогулуп, аздыр-көптүр иштеп башташыбыз керек ”, – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru