Акылбек Жапаров иш сапары менен Казакстанга барат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кожошев элчини Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Казакстанга алдыдагы жумушчу сапарын уюштуруу маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулашты.
Жошыбаев белгилегендей, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жумушчу сапарына жогорку уюштуруучулук деңгээлде даярдыктар көрүлүп жатат.
Анын айтымында, буга чейин жетишилген макулдашуулардын алкагында казакстандык инвестицияларды тартуу менен өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча да иштер жүргүзүлүүдө. Жакынкы арада Кыргызстанга инвесторлор келишет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru