Акылбек Жапаров партияларды сынга алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров партияларды сынга алып, программалары куюп койгондой окшош экениндигин айтты.

“Мен дайыма программаларды жазып жүрөм. Партиялардын бардыгынын программасын карап чыктым, тилекке каршы, баарыныкы окшош. Бактылуулукту баары каалайт, бирок ага жетүүнүн жолдорун биле бербишпейт. Бардыгы бейиш эле эмес, тозок да бар экенин унутуп коюшат. Мыйзамдын эки тарабы бар, ал аткарылат же аткарылбай калат. Парламент ишке киришери менен элге пайдалуу программалардын үстүнөн иштейт деп ишенем”, — деди Жапаров.

Ал ошондой эле тарыхта биринчи жолу бийлик шайлоо процессине кийлигишпегенин кошумчалады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru