Акылбек Жапаров тышкы карызды кантип төлөө керектигин Садыр Жапаров менен кеңешип жатканын айтты

Бул боюнча депутат “коом пресс” сайтынын “Тышкы карызды кантип төлөсөк болот? Жолдору барбы?”-деген суроосуна жооп берип жатып билдирди:

“Мен азыр өкмөт башчы Садыр Жапаровдун кеңешчиси болдум. Тышкы карызды бир минут кечиктирбей,  бир сом калтырбай төлөйбүз.Бирөөнү дагы кечиктирбейбиз. Себеби өзүбүздө резервдер бар. Ковиддин алкагында убакытты жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тышкы карыздын эң чоң коркунучу бул экспорт менен импорт, кытайдын банктары. Буга чейин 70 миллион төлөгөнбүз. 4-кварталда 35 миллион төлөшүбүз керек эле.  Азыр  мунун баарын кийинки жылдарга жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эгерде бир секунд же бир минутка кечиге турган болсок биз баардык карыздын дароо пайыздары менен дароо төлөөгө муктаж болобуз. Эгерде төлөй албасак чоң проектилердин баарын аларга берүүгө туура келет. Мындай болбой эле койсун. Азыр мындай коркунучка кептелген өлкөлөр көп. Биз анын кебетесин кийбешибиз керек”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru