Акыркы коңгуроо салтанаты жокко чыгарылат
Акыркы коңгуроо салтанатын жокко чыгаруу жөнүндө министрликтин буйругу чыгат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 30-апрелде брифинг учурунда айтты.
Анын айтымында, 10-20-30 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттарына да чектөө коюлат.
«Абалды туура түшүнүү керек. Өздөрүнүн жана башкалардын коопсуздугу үчүн мындай иш-чараларда токтотуп туруу зарыл», – деди ал.