Акыркы суткада 51 адамдан COVID-19 табылып, төрт бейтап каза болду

Кыргызстанда 22-ноябрга карата коронавирус дагы 51 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында – 29, Чүй облусунда – 1, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 7 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 57 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 483 бейтап, амбулатордук түрдө 641 адам дарыланууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru