Акыркы суткада короновирустан 507 адам көз жумду

Россияда акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 507 адам каза болду. Бл тууралуу  мамлекеттин ыкчам штабы маалымдады.

Бул көрсөткүч Россия Федерациясындагы пандемия мезгилиндеги рекорддук көрсөткүч. Ошентип, каза болгондордун көпчүлүгү Санкт-Петербургда – 85 жана Москвада – 75 катталды.

Россияда коронавирустун курмандыктарынын жалпы саны 37 538ге жетти. Жалпысынан, Россияда пандемия башталгандан бери, COVID-19 2,1 миллион адамда аныкталды, 1,6 миллион адам айкты, 486 272 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.