Акыркы жыйынтык качан чыгаары айтылды

Добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктары кол менен саноонун негизинде чыгарылат, деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекова 5-октябрда брифингде.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, 4 партия 7% дык чектен ашып, ал эми Мекенчил бир аз артта калуу менен баратат. Бирок добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктары кол менен саноонун негизинде чыгарылат. Учурда бардык шайлоо участкаларынын 63% гана маалымат келип түштү, 917ден алынган маалыматтар дагы эле күтүлүүдө », – деди БШКнын Төрайымы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.