народный

Алай районунда Памирлик кыргыздар жаңы үйлөргө отурукташты

Алай районунда Памирлик кыргыздардын 7 үй-бүлөсүнө жаңы үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу Turmush жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 28-октябрда Нарын облусунан жана Кара-Балта шаарынан Талды-Суу айылына 35 этникалык кыргыз келген. Ачкычтарды тапшыруу аземине өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, облустун акими Замир Молдокулов, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты. Талды-Суу айыл өкмөтүндө 11 үй курулуп, анын 7си толугу менен бүттү. Алар 4 бөлмөлүү бардык шарттары бар үйлөр. Мындан тышкары, Сары-Могол айылындагы Х.Алимсеитов атындагы орто мектебинин эски имаратында Памирлик кыргыздардын 11 үй-бүлөсү жашайт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru