Алайдагы Памирлик кыргыз: Памирге кетсекпи деген ойлор жаралган…

Памирден келген кыргыздар Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылынан Талды-Суу айылына 24-октябрда көчүп келишкен. Жергиликтүү ММК булактарынын бирине боордоштордон айылдын климатына, жашоо-шартына көнүп калганына кызыгып кепке тарттык.

Боордоштордун бири Нажмидин Абдукарим уулу Памирден өлкөгө келгенине 4 жылга чукулдап калганын айтып, Памирге кетүү ою болгонун, бирок президенттин айткан сөзү оюн өзгөрткөнүн айтып өттү.

Бизде кайрадан Памирге кетсекпи деген ойлор жаралган. Жашаган үйүбүздү башында убактылуу деп айтышкан. Бул жакта үй-жай, мал жок болгондуктан Памирге барып, тиричилигибизди уланталы дегенбиз. Ал жактагы малыбызды туугандарга таштап келгенбиз. Ошол жакка барып, тиричилик кылсакпы деген ой келген. Бирок президент Садыр Жапаров келип оюбуз өзгөрдү. Үй, короо-жай, мал курап бергенге жардам берем деп айтты. Ошондон улам кетебиз деген оюбуздан кайттык. Президент 1 баш жылкы, 10 кой жана 1 уй берем, ошол менен мал курап аласыңар деди. Дагы Памирден башка боордошторду дагы бул жакка алып келебиз дегенинен оюбуздан кайттык.

Мектептин убактысы бүттү. Окууну жакшы үйрөнүп калдык. Унаа айдаган, кийим тиккен сыяктуу кесиптерди үйрөнсөк жакшы болмок.

Азыркы учурда 2-3 киши Памирге барып, туугандарды көрүп келсекпи деп пландап жатабыз“, – деди Нажмидин Абдукарим уулу.


Булак: Супер-Инфо

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru