Алайкууга 1 метр кар жаап, жол тазалоого 6 техника тартылды-(ВИДЕО)

14-январга караган түнү жааган калың кардын кесепетинен, Алайкуу өрөөнүндө калың кар жаады. Ой-Тал айыл өкмөтүндө кардын калындыгы 1 метр, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында 70-80-сантиметр жааган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Мындан улам, Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолу, 42-чакырымдан (Чаар-Арча чеги) 93-чакырымга чейин (Кыргый чеги) жол каттамы убактылуу жабылды. Аны ачуу үчүн № 26 Жол тейлөө ишканасынын 6 техникасы иштеп жатат.

(42-чакырымда 1 даана автопогрузчик, 1 даана автогрейдер, 60-чакырымда Сары-Бээ айылында 1 даана бульдозер ДТ-75, 72-чакырымда Кара-Таш айылында 1 даана бульдозер ТY-230, 87-чакырымда Көндүк-Чаты чеги 1 даана автопогрузчик, 92-чакырымында Ой-Тал айылында 1 даана бульдозер ТY-230).

Жолдун оор болгонуна байланыштуу аталган жолдо кечки саат 18:00дөн тартып эртең мененки саат 08:00гө чейин чектөө да киргизилди.

Кар көчкү түшүүчү кооптуу участкалар Ичке-Суу айылынан (52-чакырымынан) тартып, Ой-Тал айылына (92-чакырымына) чейин экени эскертилүүдө.

Кара-Кулжа районунун борбордук автобекетинде тоолуу аймактарга каттаган такси айдоочуларына, туруксуз аба-ырайына байланыштуу, кырсыктардын тобокелдүүлүгү айтылып, атайын баракчалар таратылды

Leave A Reply

Your email address will not be published.