Аламүдүн районунда мас киши милицияга бычак менен кол салды

Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында бычак көтөргөн мас киши милиция кызматкерлерине кол салды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда АКИpress агенттигине күч органдарындагы булактары билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, окуя саат 14:30 чамасында болду. Кызмат өтөп жаткан аймактык милиционерлерге агрессивдүү адам бычак менен кол салып, анын кесепетинен бир милиция кызматкери колунан жаракат алды.

Милиционер эскертүү максатында асманга ок чыгарган, бирок мас киши тынчтанган эмес. Ал милиция кызматкерлерине кол салууну уланта бергендиктен, анын бутуна ок атышкан.

Жабыр тарткан укук коргоо органынын кызматкери жана чыр чыгарган адамды ооруканага алып кетишкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.