народный

Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалышты

Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары пара алуу фактысы боюнча кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, көзөмөлдөө органдарындагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасында  коррупция фактылары жөнүндө маалыматтарды алган.

Ошентип, 2020-жылдын 11-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Ички коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгы менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Аламүдүн районунун прокурору  С.Э.А.  жана анын орун басары М.А.С  Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул факт боюнча УКМК АКК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (Пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

“КР УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Аламүдүн районунун ички иштер органдарынын ушул мыйзамсыз иштерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам чараларды көрүүдө” деп айтылат билдирүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru