Александр Лукашенко пандемия убагында кетип калган белорусиялыктарды кайра өлкөгө киргизбөө буйругун берди


Беларуссиянын Президенти Александр Лукашенко пандемия учурунда кеткен жарандарды өлкөгө киргизбөөнү тапшырды. Бул тууралуу ал вирустук инфекциялардын жайылышына каршы туруу чаралары боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдиргенин БелТА маалымдады.
Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эпидемиялык кырдаал терс сценарийлердин бири боюнча өнүгүп жаткандыгын белгиледи. «Мен көпчүлүк Европа өлкөлөрүндө оорунун рекорддук көрсөткүчтөрүн айткым келбейт. Экономикага келтирилген зыян көптөгөн эксперттер айткандай, орду толгус болоору анык. Бирок биз азыр ал жөнүндө ойлобошубуз керек », – деди Лукашенко.
«Мен чек ара аскерлеринин башчысына башка өлкөнүн паспорту менен келгендерди гана эмес, ушул оор учурда биздин өлкөдөн чыгып кеткен акылдуу беларуссиялыктарды да өлкөгө киргизбөө жөнүндө буйрук бердим. Бизге инфекцияны алып кирүүнүн кереги жок . Ал жакка окууга кетиштиби- окушсун, иштегени кетиштиби – иштешсин. Биз аларга тоскоол болбойбуз. Ошондуктан, кеткен жагында иштешип, оорубай жүрүшсүн», – деди мамлекет башчысы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru