народный

Алмамбет Шыкмаматов: “Бүгүнкү жүрүштү күч менен токтотуу туура эмес болду”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов, бүгүн 8-мартта аялдардын укугун коргоп жүрүш кылмакчы болгон топту күч менен таратылышы туура эмес деп эсептейт.

“8-март күнү аялдардын тынч жүрүшүнүн күч менен токтотулушу өтө туура эмес иш болду. Жылда өтүүчү жүрүштүн эч кимге зыяны жок эле го, тим коюшса бир-эки саат журуп тарамак. “Аялдардын укугу сакталыш керек”, деген ураандын эмнеси жаман? Жыйынтыганда укугун коргоп жүрүшкө чыккан аялдарга бийлик уюштурган эркектер кол салышты, милиция аялдарды сүйрөп барып камашты. Маалымат айдынында укук коргоо органдарынын жоругу өтө начар маанай жаратты. Бүгүнкү жорук , Суракматовдун кезектеги чоң катасы болду. Мындай апендиликтин кесепетинен улам коомдогу терс маанай акырындап чогулуп жатат. Аны арзыматтар ылдамдатып жатат. Өтө өкүнүчтүү!
PS. Бул өтө маанилүү дискуссия, талкууга бири бириңерге орой айтпай катышкыла, аргументиңерди эл окусун. Орой сөздөр блокко түшөт, талкуудан чыгат”-дейт саясатчы.

Белгилей кетсек, бүгүн жүрүшкө чыккан активисттер өткөн жылы дагы “аялдардын тең укугу” деген ураан менен чыгып, бирок иш-чарада ЛГБТ өкүлдөрүнүн талаптары айтылган болчу. Бүгүн, дагы ЛГБТ өкүлдөрү жүрүшкө катышты.

Мурдагы депутаттын пикири коомчулук тарабынан сынга алынып жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru