Алматыда 120 мектептен 2,5 миӊ окуучу карантинге алынды

Казакстандын Алматы облусундагы 120 мектепте коронавирус жуктургандар аныкталып, 2,5 миң окуучу карантинге алынды. Бул тууралуу облус акиминин орун басары Батыржан Байжуманов брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, окуу жылы башталгандан бери облуста 422 окуучуга жана 47 мугалимге коронавирус жуккан. “Эгер бир эле окуучу ооруп калса, ал окуган класс толугу менен карантинге алынат деген алгоритм бекитилген. Эми алар эки жумадан кийин кайра мектепке кайтып, кадимки шарттарда билим алуусун улантышат”, — деп айтылат акимиаттын маалыматында.

Эске салсак, 1-сентябрга карата Казакстандагы орто мектептердин көбүндө кадимки режимде окуу башталган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru