Алматыда дүйнөдө көлөмү боюнча экинчи болгон героин жок кылынды

Алматыда дүйнө тарыхында көлөмү боюнча экинчи болгон контрабандалык баңгизат жок кылынды. Бул тууралуу Казакстандын Финансы министрлигинин финансылык мониторинг комитетинин маалымат кызматына таянып Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары 1,1 тонна героинди жок кылышкан. Баңгизат ташуучу трансулуттук каналды жок кылуу боюнча атайын операция Германия полициясынын Криминалдык бажы кызматы менен биргеликте, ошондой эле Россия, Беларусь, Литва, Польша жана Нидерланд өлкөсүнүн күч органдары жана Бажы кызматтарынын көмөгү менен жүргүзүлгөн.

“2019-жылдын октябрь айында Казакстандын аймагына “иштетилген мрамор” алып келинген. Нидерланд өлкөсүнө жөнөтүлгөн жүктү текшерүү учурунда тергөөчүлөр 2 208 даана брикеттелген героин табышкан. Кылмыштуу топ товарды транзит аркылуу Ирандан Европа өлкөлөрүнө ташууну пландаштырган”, — деп айтылат маалыматта.

Жүк кылдат көзөмөлдүн астында комитеттин ыкчам кызматкерлеринин коштоосу менен Германияга алып келинген. Ал жерден героинди кабыл алып жатып түрк жарандары кармалган.

Буга чейин ЖМКлар тарыхта эң ири көлөмдөгү баңгизат 2007-жылы АКШда жок кылынганын жазышкан. Анын салмагы 1,3 тоннаны түзгөн. Полиция аны Сан-Францискодогу каралбай калган шаардык пляждан тапкан. Анын болжолдуу баасы эки миллиард доллар деп бааланган. Контрабандалык жүктүн ээси табылган эмес.

Leave A Reply

Your email address will not be published.