Алматыда аял 9-кабаттан үч наристесин ыргытып, андан кийин өзү секирди

Алматыда үч наристеси менен кошо 9-кабаттан боюн таштаган аялдын аракетинин алдын ала себеби айтылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

“Бул үй-бүлөлүк мамилелердин негизинде күйөөсү менен болгон чыр-чатактар. Каза болор алдында жазган каты бар. Башка жагдайлар такталууда”, – деп билдирген Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынан.

Маалым болгондой, бул факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу) менен иликтөө иштери жүрүп жатат. Бардык жагдайларды тактоо үчүн тергөө-ыкчам тобу түзүлдү деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, Алматыда 28 жаштагы аял 9-кабаттан алгач балдарын ыргытып, андан кийин өзү секирип кеткенин ачык булактар жазып чыгышкан. 2 баласы менен кошо өзү ошол жерден жан берип, бир баласы ооруканага жетпей каза болгон. Наристелер 2015, 2016 жана 2019-жылы туулган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru