Алматыда кармалган төрт кыргызстандык бошотулуп жатат, – Башкы консул

Алматыда кармалган төрт кыргызстандык бошотулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Арипов алар менен жолугушуудан жаңы эле чыкан, алар бир сааттан кийин коё берилет.

«Жергиликтүү бийлик, жергиликтүү ички иштер бөлүмү жана Карасай районунун прокуратурасы жардам беришти. Баары жакшы, аларды бошотуп жатышат», – деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, кыргызстандыктар текшерүү иш-чараларынын алкагында кармалган. Кеп Юбуров З. (1990-жылы туулган), Хуров А. (1991-жылы туулган), Мачо И. (1987-жылы туулган) жана Жиншанло А. (2001-жылы туулган) тууралуу болуп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru