Алматыда орусиялык миллиардерди террорист деп жаңылышкан

Орусиялык миллиардер, «Технониколь» компаниясынын тең ээси Игорь Рыбаковду Алматыда террорист деп жаңылышты. Бул тууралуу Tengrinews.kz бизнесмендин өкүлү Глеб Климентьевге шилтеме берүү менен жазат.

Белгилүү болгондой, 5-январда Алматыда өзгөчө кырдаал жарыяланып, антитеррордук операция жүргүзүлгөн.

Ишкер бир нече күн интернетсиз жана дээрлик байланышсыз болгон. Ошондой эле бардык каттамдар токтотулгандыктан, ал Алматыдан уча алган эмес.

«Кечээ постто кызык ишке кериптер болдум. Мени террорист деп кабыл алып алышты. Мен чындап эле ошондой көрүнөмбү? Аскер кызматкерлеринин мага мылтык такап кетип бара жаткан видео бар. Бирок жайгаштыра албай жатам: интернет жок. Баары жакшы аяктаганы жакшы болду. Бүгүн алар бир саатка интернетти беришти – үч күндөн бери биринчи жолу ”, — деген Игорь Рыбаков.

Миллиардер Казакстанга 3-январда келген. Рыбаков Алматыга жаңы жылдык каникулда эс алууга келген жана 10-январда кайтмак. Ошондой эле Казакстанда китептин бет ачарын жана бизнес форумуну пландалган. Бирок учурдагы кырдаалга байланыштуу иш-чаралар токтотулган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru