Алматыдан келген кыргызстандык 19 жаран карантинге жаткырылды
Казакстандын Алматы шаарындагы аэропортто калган Кыргызстандын жарандары кайтып келди. Бул тууралуу 19-мартта Туризм ассоциациясынын жетекчиси Эрмек Мырзабеков билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык жарандар Москва районунун Беловодск айылындагы ооруканага жаткырылды. «Алар 14 күн карантинде болот», – деди ал.
Буга чейин Алматы шаарынын аэропортунда Индиянын Дели шаарынан учкан 19 кыргызстандык жаранды учактан түшүрбөй жатканын учактын жүргүнчүсү, «Жалал-Абад укук коргоо» уюмунун директору Валентина Гриценко билдирген.
Анын айтымында, каттам Алматынын аэропортуна эртең мененки саат алтыда конгон. Алар менен учуп келген казакстандыктарды санитардык кызматкерлердин текшерүүсүнөн өткөн соң дароо чыгарышкан.