Алмазбек Акматалиев: “Мэрдин кеӊешчиси кемсинткенден тышкары, мамлекеттик кызматтын этикасын одоно бузду”

Бүгүн, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кеӊешчиси Гуля Алманбетова жаӊы конушта жашаган жакыр жана көп балалуу үй-бүлөлөрдү кемсинти. Ал, “Жаӊы конуштарга күндө барам, көйгөйлөр көп. Бары эле колунда жок кедейлер. Алар 30-36 жаштагылар 5-8ден балдары бар. Башкаларды тилдеп жатышат. Көп балалуу үй-бүлөлөрдү жек көрөм, көргүм да келбейт!”-деген ал.

Азиз Суракматовдун кеӊешчисинин мындай орой билдирүүсү коомчулуктун талкуусунда калып, аны ээлеген кызмат ордунан кетсин деген талаптарга чейин жеткирди. Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев мындай пикирин билдирди:

“Мэрия курчуп кеткен маселе боюнча чечим кабыл алышы керек. Бул чынында эле аша чапкандык. Элдин сезими менен ойноп, нааразычылыкты күчөтүп жибербегиле. Мындай нааразычылыктар өсүп, көйгөй жаратып коюшу мүмкүн. Бул көп балалуу үй-бүлөнү кемсинтүү гана эмес,  мамлекеттик кызматкердин этиканы одоно бузгандыгы болуп саналат”-дейт саясат талдоочу.

Учурда социалдык байланыш тармактарында Гуля Алманбетованын кызмат ордун өз каалоосу менен таштап кетиши талап кылынып жатат. Ал, буга чейин бир-нече жолу оозго алгысы жана маданиятсыз сөздөр менен сөгүнгөн. Көп жолу этиканы бузса дагы – мэр Азиз Суракматов кеӊешчиси боюнча үн катпай келет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru