Алмазбек Акматов: «Нарындагы жайыт маселесин губернатор менен министрдин чече албай жатканы уят»- (ВИДЕО)

Нарын жергесиндеги жайыт маселесин жергиликтүү бийлик менен өкмөт чечүүгө милдеттүү, — деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов билдирди. Мен бул маселени 2016-жылдан бери көтөрүп келе жатам, бир дагы жылыш байкалбайт. Эми абал курчуп кетсе жоопкерчилигин ким тартат? Кара-Кужурда Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2080 гектар жайыт жери бар.

1991-жылы чабандардын ортосунда талаш болуп, бир бала атылып кетип, Куйбышев колхозунун (азыркы Миң-Булак айыл өкмөтү) 120 гектар жерине алмашылган. (райондук акимчиликтин токтому менен)

Жерге-Тал айылы Кара-Кужурдагы 2080 гектар жерин алып, Кочкор районуна берип, талаш чечилмек.

Баарыңыздарга белгилүү, Нарын жергесинде жылдын 9 айы кыш, элдин оокаты жалаң мал чарбачылыгы менен гана өтөт. Азыркы күндө малдын башы көбөйүп, жайыт тартыш.

Эки райондун ортосунда талаш болуп жаткан Кум-Бел жайлоосун 1992-жылдан бери ар кандай кен иштетүүчү компаниялар келип, жер кыртышын бузуп, жайыттарды талкалап кетишкен, андан бери жерди рекультивация кылып, калыбына келтирген эмес.

Ошондуктан, тиешелүү министерство, департаменттин жетекчилерине протоколдук тапшырма берип, тез аранын ичинде бул маселе чечилиши керек,-деди депутат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.