народный

Алтын катылган руданы жана аралашмаларды сатуудагы киреше салыгын 3 пайызга көбөйтүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети тоо-кен тармагындагы салык өлчөмүн көбөйтүүгө багытталган “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров Өкмөт мыйзам долбоору аркылуу тоо-кен жана тоо-кен кайра иштетүү тармактарындагы ишканалардын алтын катылган руданы жана аралашмаларды сатуудагы киреше салыгын 3 пайызга көбөйтүү демилгесин сунуштап жатканын билдирди. «Ошондой эле алтын катылган руданы жана аралашмаларды сатуудагы роялтинин базалык салыгы да кайра каралат. Эгер афинаждалган алтын Кыргызстанга кайра алынып келсе, салык алынбайт», – деди ал.

Өкмөттүн божомолунда мындай чаралардын натыйжасында бюджетке кошумча 300 млн сом киреше түшөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru