“Алтын топ” сыйлыгы бул ирээт кимге буюрду? (СҮРӨТ)

Франциялык ПСЖ клубунун оюнчусу Лионель Месси жетинчи ирет “Алтын топ” сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазды.

Сыйлык тапшыруу салтанаты кечээ, 29-ноябрда Франциядагы Шатле театрында болуп өткөн. Кезектеги “Алтын топ” үчүн эң негизги талапкер катары 7 футболчу алдыга озуп чыккан. Топтолгон упайлардын жыйынтыгында аргентиналык форвард 613 упай менен “Алтын топтун” жеңүүчүсү деп табылды.

Сыйлыкка башкы талапкер футболчулардын топтогон упайлары төмөнкүдөй:

1. Лионель Месси (ПСЖ) – 613

2. Роберт Левандовский (Бавария) – 580

3. Жоржиньо (Челси) – 460

4. Карим Бензема (Реал Мадрид) – 239

5. Н’Голо Канте (Челси) – 186

6. Криштиану Роналду (Манчестер Юнайтед) – 178

7. Мохаммед Салах (Ливерпуль) – 126

34 жаштагы футболчу быйылкы жылдагы негизги атаандашы делген футболчу Роберт Левандовскийден 33 упайга көбүрөөк алган. Ал эми Мессинин ар дайымкы атаандашы Криштиану Роналду бул ирет талапкерлердин тизмесинде 6-сапка түшүп калды.


Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru