Алтынай Өмүрбекова Гей-парад учурунда милиция кармап кеткен активисттерди чыгарууну талап кылды

Вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова ИИМге, бүгүн 8-мартта Жеңиш аянтында жүрүш уюштурмакчы болуп жатканда милиция тарабынан кармалып кеткен активисттерди бошотуу өтүнүчү менен кайрылды.

“Милиция тарабынан кармалган жарандар мыйзам бузушкан жок. Аларды бошотуу өтүнүчү менен ИИМге кайрылдым. Тийешелүү протокол түзүлүп, өздүктөрү такталгандан кийин коё беришет”-деди Өмүрбекова.

Эскерте кетсек, өткөн жылы дагы аялдардын теңдик укугу үчүн жүрүш жасаган топко ЛГБТ өкүлдөрү дагы катышып, “биз төрөбөйбүз, чай куйбайбыз” деген чакырык жасашкан. Бүгүнкү иш чаранын уюштуруучулары кыш айында жылаңач аялдардын көргөзмөсүн уюштурган болчу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru