народный

Алтынай Арстанбекова, журналист: “Мадумаровдун кем акылдыгы жана текебердиги чектен ашты”

Саясатчы Адахан Мадумаровду колдоп, анын жанында жүргөн журналист Алтынай Арстанбекова “текеберлиги чектен ашты” деп күнөөлөп, фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Автордун жазганын өзгөртүүсүз беребиз:

“2010-жылдан 2020-жылга чейин туруктуу,күчтүү оппозиция жок болчу. Андыктан мен Мадумаровту колдогом. Неге текеберленип сүйлөйт деп кулк-мүнөзүн түшүнгүм келди. 2020-жылы Мадумаров ачык жүзүн көрсөттү. Атамбаевтин балдары менен шайлоо алдында жолугуп сүйлөштү. Кийин Равшан Жээнбеков, Бабанов,Замандаш партиясы, Атамбаевтин балдары менен бирге координациялык кеңеш түздү. Жапаровко жардам берген жок. Садыр аганы колдогон калың элге каршы турду. “Бүтүн Кыргызстан” менен мекенчилдерди эки жакка бөлүп, тирешүүгө жем таштады. Элге ачык эле каршы чыкты. Азыр да өзүнүн эгоисттигин элден бийик коюп текеберленип сайрап коюп отурат. Ушуларды карап туруп, баарын таразалап анализдеп туруп неге мен азыр Мадумаровту жакшы деп колдошум керек? Элге каршы чыккандарды чыккынчы деп эсептейм. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын көшөгө артында миңдеген мигранттар, жөнөкөй эл бар. Аларды колдойм. Биз биримдигибизден күчтүү болмокпуз. Бирок Мадумаровтун шайлоо алдындагы жана октябрь айы ичиндеги кылыктары акылга сыйгыс кадамдар катары саналып, муну менен катар кем акылдыгы жана текеберчилиги чектен ашты деген пикирдемин”-дейт ал

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru