народный

Алтынбек Сулайманов 8-мартта жүрүшкө чыккан активисттерди таратып жиберген жигиттерди сынга алды

Кечээ, 8-мартта “аялдардын укуктарын коргогон” жүрүшкө аракет болду. Иш-чарага келгендердин арасында ЛГБТ мүчөлөрү дагы катышты. Алар, “менин жатыным менин ишим, гүл берсе алданба, чай куйбайм, төрөбөйм”-деген ураандарды көтөрүп чыгышкан. Мындай демилге менен чыккан топту калпакчан балдар келип таратып жиберди. Жогорку Кеӊештин депутаты Алтынбек Сулайманов калпакчан балдарды сынга алып, видео кайрылуу кылып:

“Качан кыргыздын жигиттери, башына калпак кийип, бетине бет кап кийип сабады эле. Мындай көрүнүш, менимче жапайычылык. Бул сабатсыздык, алсыздык. Кыргыздын жигиттери элин коргогон, жерин коргогон, кызын коргогон. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде дейт. Урматтуу жигиттер көзүңөрдү ачкыла! Жасаган ишиңер такыр туура эмес. Жигит деген, мырза деген, эркек деген андай болбойт. Алсыздарга, назиктерге кол көтөрүү – алсыздык. Жигит деп, мырза деп айтууга ооз барбайт. Алар алсыздар. Кыйын болсоңор, бет кабыңарды чечип келгиле, сүйлөшөлү!” – деди ал, өз билдирүүсүндө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru