народный

Алтынбек Сулайманов:” Бабанов калп айтып жатат”

Өмүрбек Бабанов өзүн техникалык премьер-министр кызматына сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов журналисттерге билдирди.

Буга чейин “Республика” партиясынын мурдагы лидери бир нече партиянын өкүлдөрү андан өкмөттү жетектөөнү өтүнгөнүн айткан. Анын айтымында, Алтынбек Сулайманов өзү жардамчысын үйүнө жиберип, “Жаннат “ мейманканасына чакырып, ал жерде талапкерлиги  көрсөтүлгөн.

«Өмүрбек Бабанов, эгерде бардыгы жакшы болсо, башкалардын ийгиликтерин колдогонду жакшы көрөт. Бирок, бирнерсе ойдогудай болбосо, ал басып кетет. Ал өзү талапкерлигин сунуш кылган. Ал өлкөнү кризистен алып чыга алам деди», – деди Алтынбек Сулайманов.

Сулаймановдун айтымында, Өмүрбек Бабанов координациялык кеңештин бардык мүчөлөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 9-октябрдагы митингге катышаарын билген деп калп айтып жатат. «Биз Бабанов Форумга Алмазбек Атамбаевди көрүү үчүн барарын билген эмеспиз. Ал бизге бул жөнүндө айткан жок », – деп кошумчалады ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru