народный

Алтындын баасы төмөндөп, күмүш көбүрөөк сатылууда

Кыргызстан быйыл сыртка күмүштү көп сатты. Ушул жылдын он айында эле 10 тонна 556 килограмм күмүш экспорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Ал эми алтын унциясынын баасы төмөндөп жатат. Бүгүнкү күндө Улуттук банк алтындын унциясын 159 миң 212 сомдон (-40 $ жана -2.03%) сатып жатканын билдирди.

Сыртка сатылган күмүштүн 220 килограммы Түркияга, калганы Швейцарияга сатылган.

Алар жалпысынан 6 миллион долларга бааланды. Өткөн жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан дээрлик 6,2 тонна күмүштү 3 миллион доллардан ашык акчага саткан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru