Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн кийин тукумсуз болуп калуу коркунучу бар экенин айткан-(ВИДЕО)

Мындай пикирин журналист Дайыр Орунбеков Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“Бул кишинин сүйлөгөнү, логикасы мага түшүнүксүз. Ал философиялык сырдуу сөздөр менен сүйлөйбү, айтор билбейм. Азыр мамлекет элди вакцина алууга үндөп жатат. Башында элдин жүрөгүн түшүрүп, тескери агитация кылган ушул киши.
Жакында дагы “вакцина алсаңар тукумсуз болуп калышыңар мүмкүн же мүмкүн эмес”-деп эки анжы ойго салды. Тукумсуз болуп, эркектик эрктен ажырап калган ковидден дагы жаман да😅. Анда жашоо черно-белый болуп калат. Аны уккандар вакцина албай качып жүрөт, Президент болсо элди эмдөөдөн өтүүгө чакырууда.

Айтайын дегеним, бүгүн Гансидеги стационар талапка жооп бербейт, бейтаптар деле ал жакка барбаса керек дейт. Талапка жооп бербесе, анда талапка жооп бере турган кыл да, ким кой деп жатат? Кыла турган сиз го?!
ДЕЙТ ДА КАЙРА ТУРИСТТЕРГЕ ошол жактан орун даярдадык ДЕЙТ😃 ВАКЦИНА БОЛСО БҮТ ӨЛКӨДӨ ЭЛЕ ПРЕЗИДЕНТ, ПРЕМЬЕРДИН ДЕНГЭЭЛИНДЕ ЧЕЧИЛЕТ ДЕП, ӨЗҮНӨН ЖООПКЕРЧИЛИКТИ АЛЫП САЛДЫ…
Ушул киши кызыктай эле адис экен, министрлик кызматка түк татыксыз. Оюу калыптана элек тентек баладай эле көрүнөт”,-дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.