Алымкадыр Бейшеналиев kазынадан 1 млн сом алып, кайтарбай жүргөн жердешин соцфондго төрага кылды

Социалдык фонддун төрагасы болуп Жаныбек Орозалиев дайындалды. Ал мурда Свердлов райондук башкармалыгында жетекчи болуп иштеп, кийин башка жумушка которулуп кеткен. Соцфонддун райондук башкармалыгын жетектеп турган кезинде жардамга муктаж, жакыр жана турмуш шарты оор кызматкерлер үчүн бериле турган 1 миллион сомду “мен жардамга муктажмын” деп өзүнө алып алган.

Соцфонддо турмуш шарты начар, үй жайсыз кызматкерлер үчүн атайын ссуда берилет. Эгер кызматкер башка жумушка которулса, алган акчаны кайтарып берүүсү мыйзамда каралган. Жаныбек Орозалиев Свердлов райондук башкармалыктын жетекчилигинен кетип жатканда алган акчаны кайтарбай, ушул күнгө чейин төлөп бере элек. Бул мыйзамды бузуу, кызматтык абалынан аша чаап пайдалануу болуп саналат. Ал колдоого муктаж, жакыр, бей-бечаралардын катмарында эмес эле. Репутациясы шек жараткан, өзүнүн командасындагы бей-бечараларга бериле турган ырыскыны талашкан Орозалиев, эми Соцфондго кайсы бети менен төрага болуп отурат?

 Жаныбек Орозалиев ссуданы өзү алып алгандан тышкары, сынга ала турган иштери көп. Алардын бири, мыйзамды уруп ойнобой, өзүм билемдик менен 2019-жылдын 18-июлундагы №105 жана 2019-жылдын 31-июлундагы №144 буйруктары менен кызматкерлерге казынадан мыйзамсыз акча каражатын бөлдүрүп берген.

Соцфонд азыр Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагында. Министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Жаныбек Орозалиев жердеш экени белгилүү болду. Мурда районду жетектеп, кийин башкы адис болуп гана иштеген адамды төрага кылып дайындаганы – өтө кооптуу жана коркунучтуу. Дагы бир жагдай, мурда кылмыш иштерге шектелип, учурда УКМК тарабынан суракка чакырылып жүргөндөр төраганын орун басары болуп дайындалды. Жетекчиси Орозалиев өз кызматкерлеринин ырыскысын талашкан адам катары белгилүү болсо, анын орун басарлары кылмыш иштерге шектелип жүргөндөр. Жарымы кылмышка шектелгендер, башчысы казынаны каӊтарып алган адамдар кантип кары-картаӊдардын ырыскысына кол салбай коет деп ишенсе болот?

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru