Алымкадыр Бейшеналиев: “Мамлекеттик дарыкана ачууга өкмөттүн акчасы жок”
Мамлекеттик дарыкана ачууга өкмөттүн акчасы жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик дарыкана ачуу үчүн нормативдик базаны даярдоо керек.
«Мындан тышкары, чоң акча талап кылынат. Менин оюмча, мамлекетте азыр андай каражат жок », – деди ал.
Министр бул маселе кайрадан каралып, социалдык дарыкана түзүү үчүн смета түзүлөт деп убада кылды.
Эске салсак, ыктыярчылар пандемия учурунда калкты колдоо үчүн мамлекеттик дарыкана ачууну сунушташкан.