Амина Сатыбалдиева, нарколог: “Оорулууларды сыналгыдан көрсөткөнгө эч кимдин акысы жок”


Нарколог Амина Сатыбалдиева Адахан Мадумаровдун билдирүүсүнө карата кайрылуу жасаган, ал фейсбуктагы жеке баракчасынан талкуу жараткандыктан. Кайрадан элдин пикирине жооп кайтарды:
Айтылган сөз атылган ок!
Калайык калк, мен Адахан Мадумаровдун билдируусуно кайрылуу жасап жооп жаздым эле. Ошого карата сиздердин жазган оң жана терс комментарийиңиздерден кийин кичинекей жооп жазып коюуну туура көрдүм. Арасында бийликке жагалданган же акчага жазган деген комментарийлер бар экен. Өзүм эч качан саясатка аралашкан эмесмин, ал жакта туугандарым да жок. Өкмөт айлыгымды көбөйтүп же азайтып таасирин тийгизбейт деле. Мен жеке менчик наркология клиникасын иштетем, акча менин иштегениме жараша. Үйүмдө үй-бүлөмө жетиштүү ун, май, чай бар. Дегеле бийлик мага окшогондордун өзүнө, сөзүнө муктаж эмес! Кээ бири Мадумаров туура айтат: «оорулууларды көргөзгүлө» дейсиңер. Биринчиден, оорулуунун жана анын туугандарынын каалоосунан, эркинен сырткары сыналгыдан көргөзгөнгө эч кимдин акысы жок. Кийинчерээк каалоочулар болуп калса, көрүп калышыңар мүмкүн же болбосо «Айтылган сөз атылган ок» демекчи, каалооңорду орундатып кудай сыналгысы жок эле жаныңардан көргөзүп койбосо. Тилди тиштеп калбайлы! Статистиканы билген болуп ансыз деле рак оорусунан, жүрөк оорусунан, жана башка оорулардан, авариядан көптөгөн адамдар өлүп жатат, ага эмне унчукпайбыз дейсиңер. Рак, жүрөк ж.б. оорусу барлардын жанына жаткырып койсо деле силерге алардын оорусу жукпайт. Авария болгон адамды көрүп, кармап турса деле кошо эч ким өлбөйт.Таажы вирустун башка вирус оорулардан айырмасы летальность (өлүмгө алып келүүсү) өтө бийик! Башка өлкөлөрдү көрүп жатабыз го! Акырында айтаарым сиздердин үйдөн чыкпаган (карантин) себебиңиздерди жалпак тил менен түшүндүргөндө: азыр Кыргызстанда канча адам оорулуу жана канча адам алар менен контакта болду так айтуу кыйын. Бирөө ооруп калбаш үчүн сыртка чыкпашы керек болсо, бирөө ооруп калып аны өзү билбесе ал үйдө олтурса аны эчкимге жугузбайт. Эгер жеңил түрү болсо, иммунитети күчтүү болсо үйдө олтуруп деле айыгып кетиши мумкун.Үй-бүлөсүнүн иммунитети азы катуу ооруйт. Эми ошол эле киши сыртта жүрсө аны менен учурашпай, көрбөй эле ал 2-3 саат мурда кармаган жерди бирөө кармаса, башка кишиге жугуза алат. Ошондуктан бир аз чыдайлы, азыр сырттан келгендер жокко эсе. Кыргызстандын ичиндегилер ооруп бүтүшүп айыгышын, инкубационный период өтүшүн күтүш керек. Эмне үчүн оору региондордон башталды? Себеби ал жерде баары бири бирин тааныйт, ким Россиядан, Индиядан ж.б. жактан келди деп. Медиктер жана күч органдары алардын үйүнө чейин барып изилдеп, тактап иштегени үчүн билинди. Биз борбор шаардагылар, ар кошкон эл жашаган жерлер, бири бирибизди билбейбиз. Кимдин канча үй-бүлүсү бар, ким каяктан келди, эмне кылып жатат экенин билбейбиз. Эми алар өздөрү ооруп калганын сезгендери кайрылышат. Ошого байланыштуу мурда жок жерлерден жаны учурлар пайда болушу мүмкүн. Ал эми, кайра эле аларды” оорулууларды жакшы текшербей посттордон өткөрүп жиберген ” деп, медиктерге нааразы болгондорго: ошол учурда алардын дене табы көтөрүлбөгөн б.а. инкубационный мезгилде болгон. Ал жерде медиктердин эч кандай күнөөсү жок…Биздин бийлик башка мамлекеттерге караганда эрте карантин жарыялап абдан туура кылды деп ойлойм, бул биздин утушубуз болду. Мүмкүн болушунча зарылчылыгы жок үйдөн чыкпаңыздар! Кыргызда «Ач болсон да тынч бол» деген макал бар. Бирок кыргыз эли улуу эл, мындан кыйын заманды дагы жеңген. Буюрса баарыбыз биримдикте, ынтымакта бул ооруну жеңебиз! Учурдан пайдаланып элге жардамын берип жаткан жигиттерге алардан калышпаган айымдарга чоң ыраазычылык! Ал эми алдыңкы саптарда иштеп жаткан өзүмдүн кесиптештериме жана күч органдарына өздөрүнүн өмүрүн, ден-соолугун тобокелге салып күн-түн иштеп жаткандарына терең таазим! Өмүр сакчыларым силердин өмүрүңөрдү жараткан Аллам өзү сактасын!

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru