Аналитиктер АКШ экиге бөлүнүү коркунучу бар дешет 2021-жылы күтүлгөн окуялар рейтинги

Eurasia Group консалтинг компаниясы 2021-жылы күтүлгөн тобокел кырдаалдардын  рейтингин жарыялады.  

  • Биринчиде, АКШнын экиге бөлүнүп кетүү тобокелчилиги айтылат. “Джо Байдендин бийлике келишин легитимсиз деп эсептегендер калктын жарым тузөт. Мындан улам, өлкө экиге бөлүнүү коркунучуна кептелүүдө” –дешет аналитиктер.
  • Экинчи орунда пандемиядан улам, дүйнө жүзү боюнча калк арасында БАЙ- КЕДЕЙ ажырымы турат. Анын кесепетинен өкмөткө, бийлике нааразычылыктар күчөп, башаламандыктар көп катталуу коркунучу бар.
  • Үчүнчүдө климаттык өзгөрүүдөн улам, жер которуу күч алаары айтылат.
  • 4- тобокел, Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы тирешүү глобалдык деңгээлде таасирин бериши мүмкүн.
  • 5-болуп эл аралык маалыматтык алмашуу көйгөйү.
  • Анын артынан эле санариптик кагылышуулар эскертилет.
  • Нефтинин баасы түшкөндүгүнөн улам Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө экономикалык кризис болуусу күтүлөт.
  • Германиянын Канцлери Ангелина Меркелдин иштен кетүүсү,
  • Латин Америка аймагында пандемия менен шайлоонун кесепетинен саясий туруксуздук жана башаламандык.
  • Saxo Bank  басылмасы ар жыл сайын анча байкалбаган, бирок учурунда экономикага чоң таасирин берген көйгөйлөрдүн тизмесин жарыялап турат. 2021-жылга карата дезинформациянын таасири рекорддук деңгээлге жетет деген божомолун жарыялаган.
  • 2021-жылдан  капиталдык активге ээлик кылуу күч алат.
  • Экономикалык тартыштан чыгуунун альтернативалык жолу болуп энегетиканы иштетүү айтылат. Айрыкча термоядролук энергияны иштетүү, роботтошуу күч алат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru