народный

Ангела Меркель кызматтан кетет, бирок анын ордуна татыктуу талапкер чыкпай жатат

Германиянын канцлери Ангела Меркель буга чейин бир нече жолу иштен кеттуунү каалаганын билдирген. Бирок, коронавирус көйгөйү жаралгандан улам, бул маселе улам артка сүрүлүп келе жаткан.

2021-жылдын күз айларында Германияда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт, анын жыйынтыгы менен өкмөт башчы да алмашмак.

Ангела Меркель өткөн жылдын башында эле кызматын тапшырып берүү ниетин билдирген менен алардын Христиан-демократиялык партиясы (ХДС) ушул күнгө чейин канцлердик кызматка кимди сунуштаарын чече албай келет.

2020-жылдын февраль айында “Меркелдин мураскери” аталган  Аннегрет Крамп-Карренбауэр  канцлер болуудан баш тарткан.

Ошондон бери ХДС 2 ирет сьездге чогулмак болуп, бирок пандемиядан улам артка жылып кетүүдө.

Анткен менен шайлоо жакындап келет. ХДС Ангела Меркелдин ордуна татыктуу талапкер сунуштай алабаса башкарууну башка партияларга алдырып коюу божомолу бар.

Ошондуктан, 15-16- январь ХДС ыкчам түрдө онлайн сьезд өткөгө камынып жатат. Ага 1001 делегат катышып, жыйынтыгында делегаттар добушун маркерленген корверт менен почтадан   салып жиберишет.  

Добуш берүүнүн жыйынтыгы 22-январда маалым болот.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru