Англис тилин билүү рейтингинде Кыргызстан 96-орунду ээледи

EF English Proficiency Index (EPI) 2020 англис тилин билүү боюнча Кыргызстан жыл сайын өтө турган дүйнөлүк рейтингинде 100 орундун ичинен 96-орунду ээледи. Алдынкы 5 орунга Нидерланды, Дания, Финляндия, Швеция жана Норвегия кирди.
Былтыркы жылга салыштырмалуу Кыргызстан рейтингде үч пунктка көтөрүлүп, позициясын жакшыртты. Өлкөнүн жашоочуларынын англис тилин билүү деңгээли дагы эле өтө төмөн деп бааланууда, башкача айтканда, орточо кыргыз жараны өзү жөнүндө (аты-жөнү, жашы, өлкөсү) бир нече сөз айтып, чет элдик туристке жөнөкөй көрсөтмөлөрдү бере алат. Рейтингде акыркы орунду ээлеген Тажикстан болду. Ал эми Казакстан 92-орунда, Өзбекстан 88-орунда, Афганистан 79-орунда. Натыйжаны жети пунктка жакшыртып, Россия 41-орунду ээледи.
Европалыктар салттуу түрдө англис тилин жогорку деңгээлде билишет, былтыркыдан бери 33 мамлекеттин 27си позицияларын жакшыртышты. Кытай рейтингде жогору көтөрүлүп, 40-орундан 38-орунга өттү. Ал эми Индия 16 позициясын жоготуп, 50-орунду ээлеп, англис тилин төмөн деңгээлде билген өлкөлөрдүн катарына кирди.

Рейтинг англис тили эне тили болбогон 100 мамлекеттен жана региондордон 2,2 миллион адамдан чогултулган маалыматтардан негизделген.
Англис тилин билүүнүн эң жогорку деңгээлин дүйнө жүзү боюнча 26 жаштан 30 жашка чейинки жаш-курактагылар көрсөттү. Ошол эле учурда 18 жаштан 20 жашка чейинкилерге караганда 40 жаштан ашкан адамдар жогорку билим деңгээлин көрсөтүштү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru